Күндүн саны: Ошто ишкерлер 2 миллиардан ашык салык төлөшөт

Ош шаарындагы ишкерлер жылына бюджетке 2 миллиарддан ашуун акча төгөт. Бул тууралуу “Ынтымакка”  Ош шаардык Салык кызматынан билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча былтыркы жылы ишкерлер 2 миллиард 215 миллион 660 миң төгүшкөн. Быйылкы жылдын 8 айында 1 миллиард 408 миллион 604 миң сом акча чогултулган.

Учурда Ош шаарында орто жана чакан ишкерлик менен алектенген 33 миңге жакын ишкер бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген