Күндүн саны: Бюджеттин долбоорунда пайда болгон жаңы беренеге 1 млрд сом бөлүндү

Республикалык бюджетте жаңы берене пайда болду. Ал «Аймактарды өнүктүрүү» деп аталат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаршемби күнү өкмөттүн жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2019-жылга карата бюджеттин долбоорунда пайда болгон жаңы беренеге 1 млрд сом бөлүндү.

«Албетте, бул каражат жетишсиз. Ошондуктан биз бул сумманы 2 млрд сомго дейре жогорулатууну сунуштайбыз, анткени, аймактардагы тургундардын жашоосун жакшыртуу, жаңы жумушчу орундарды түзүү маселеси – биздин эң негизги милдеттерибиздин бири», – деди өкмөт башчы.

Өкмөттүн жыйынында келерки жылдын бюджети талкууланды. Быйыл сегиз айда ички дүң өнүм 310 млрд сомду түзгөнү айтылды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген