Күн жыйынтыгы: 27-апрелдеги урунттуу учурлар

27-апрелде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 390го жетти.

COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 13 учуру катталды.

Жалпы жуктурган – 695.

Ооруканада –  292 жаран жатат.

Реанимацияда- 7 адам бар.

Обсервацияда- 1044  оорулуу жатат.

Каза тапкандардын саны – 8.

Оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 753.

Ошондой эле:

Жүк ташуучулардан COVID-19 дартын текшерүү чаралары күчтөндүрүлүүдө.

Быйыл карантинге байланыштуу мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн 10 жылдык, 20 жылдык мааракелери өткөрүлбөй.

Коронавирус пандемиясынын шарттарында ар кандай фонддордон, юридикалык жана жеке жактардан саламаттык сактоо уюмдарынан гуманитардык жардам келип түшкөн.

COVID-19 илдетине чалдыккан 165 бейтапты стационарда дарылоого 3 млн 98 миӊ 824 сом сарпталды.

10 кыргызстандык Афганистандан мекенине кайтарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.