Күнөсканадан жарым тонна түшүм жыйналды

Жалал-Абадда күнөсканада өстүрүлгөн жашылчалар сатыкка чыга баштады. Кыш ортолоп тигилген көчөттөр алгачкы түшүмүн берүүдө. Дыйкандардын алды помидордун эрте бышчу түрүн жыйнап бүтөйүн деп калышты.

Замир Толубаев алгачкы түшүмүн жыйнап, сата баштаган кези. Азыр ал биринчи теримден жарым тонна сатып бүттү. Кийинкилеринде мындан да көбүрөөк болот деп болжолдоодо. Апрель-май ичи эрте бышчу помидорлору сатылып бүтсө, июнга кеч быша турганы даяр болот.

“Быйылкы  эккен сорттун бир көчөтү эле 5 кг дан кем эмес түшүм берет. Ошондо менде эсептегенде 15 миң көчөт бар. Мындай айтканда 50 тоннаны күтүп жатабыз. Жаңы баштаган үчүн жылытуу системасы аябай кыйын болду”, – дейт ишкер Замир Толубаев.

Ишкер Толубаев  күнөсканасын быйыл экинчи жыл иштетиши. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан алган 4 миллион сомдук насыянын негизинде түптөгөн. Алгач аянт 30 сотыхты түзсө, быйыл 52 сотых кылып кеңейткен. Былтыр 60 тонна помидор алган болсо, быйыл андан эки эсе көп түшүм болот деп пландоодо.

Азыр күнөсканада 10 адам жумуш менен камсыз болгон. Мында  сыноо иретинде бадыраң жана лимондун көчөттөрү да эгилген. Эгер түшүмдүүлүк менен кирешеси жакшы болсо, келээрки жылы алардын аянттары да кеңейтилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген