Көмүр кымбат, электр тартыш. Үйдү оңой жылытуунун жол-жоболору

Быйыл суук эрте түшкөнүнө байланыштуу жылуулук сезону демейдегиден эрте башталды. Бишкек баштаган бир катар шаарларда жылуулук жылдагыдан дээрлик бир ай эрте берилди. Кыргызгидромет агенттиги 12-октябрдан тарта күн жылый баштарын билдирди. Ал эми кыш мезгили суук болору күтүлүүдө. Абанын температурасы өткөн жылдагыга салыштырмалуу 2 градуска чейин төмөндөйт.

Ош облусунун тургуну Бактыгүл Абдраева кыш мезгилинде үйүн көмүр менен жылытат. Ал үчүн жыл сайын 1 жарым тонна көмүр сатып аларын айтты. Өткөн жылдары кара алтындын килограммын 5-6 сомдон сатып алган. Быйыл көмүрдүн баасы 7 сомго чейин жеткендиктен, керектүү көлөмдө сатып алууга каражаты жеткен жок.


Бактыгүл Абдраева – Ош облусунун тургуну

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын октябрына карата көмүрдүн баасы бир тонна үчүн 715 сомго өскөн. Калк жашоочу 18 пунктта жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча эң жогорку баа Ош, Баткен облустарында катталды. Мында бир тонна көмүр 8 390 сомдон сатылууда.

“Негизи карьерлерде көмүрдү былтыркыдан 20-30 тыйынга чейин кымбаттатып алышты. Ошондой эле күйүүчү майдын баасы улам өсүп жатканын өзүңүз билесиз. Биз дагы мына ушул чыгашаларды эске алып жатабыз. Жолдун татаалдыгы өзүнчө маселе. Бир жолу көмүр алып келүүгө эң аз дегенде 2-3 күн керек болот. Жүк ташуучу унааларыбыз бузулуп калган учурда бир жума жолдо жүрүүгө туура келет”, – деди сатуучу Базарбай Акимов

Ал эми энергетика жана өнөр жай министрлиги күзгү-кышкы мезгилде элди электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга үндөп жатат. Тактап айтканда, үйдү жылытуу үчүн көмүр, газ жана күн коллектору, биогаз сыяктуу кошумча булактарды колдонууга чакырууда.

Туура жылууланбаган үй бат эле муздап калат

Туризм тармагында электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү (ПЭРЭТО) долбоорунун консультанты Нурланбек Ирисов үй туура жылытылбаса, чыгаша көп болорун билдирди. Маселен, пол, дубал, терезе жылууланбаса, анда электр энергиясы, көмүр көп сарпталса да натыйжа бербейт. Ошондуктан үйдү үнөмдүү жана туура жылытуу үчүн курулуш адистеринин сунуштарын эске алуу абзел.

Нурланбек Ирисов – Туризм тармагында электр кубаты жана ресурстардын натыйжалуулугун илгерилетүү долбоорунун консультанты

Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин окутуучусу Нуркул Мурзакулов үйдү кантип жылытууну эмес, жылуулукту кармап калуунунун жолдорун да билүү зарыл дейт. Анын айтымында, бизге өтө деле чоң көрүнбөгөн нерселер да маанилүү. Маселен, эшиктерди жылчыксыз бекитүү, терезени күн тийген тарапка жайгаштыруу, күндүн түз тийүүсү үчүн терезени тазалап туруу жана аны мүмкүн болушунча чоңун тандоо керек.

Нуркул Мурзакулов – Ош технологиялык университетинин энергетика факультетинин окутуучусу

Үйдү үнөмдүү жылытууга жол ачкан долбоор

Кыргызстанда 2013-жылдан бери энергия жана ресурстарды үнөмдөөнү каржылоо долбоору (KyrSEFF) иштеп жатат. Долбоордун алкагында жарандар дубалды, тамдын чатырын, полду жылуулоо, күндүн нуру менен жылытуучу системаларды сатып алуу үчүн каржылык колдоо алса болот. KyrSEFF жеке үйлөрдү 75 миң АКШ долларына чейин насыя менен, 20% га чейин грант менен камсыз кылат. Долбоордун алкагында 630дан ашык жаранга насыя, грант берилген.

Бишкектин четиндеги Таш-Мойнок айылынын тургуну Чолпон Сагынова 200 чарчы метр аянтты ээлеген турак-жайын жылытууга көп каражат сарптап жүргөн. Ал жашаган аймакта газ дагы жок болгондуктан электр мешин колдонуудан башка айла тапкан эмес. Натыйжада KyrSEFF программасынын  офисине максималдуу үнөмдөө жолу менен үйдү жылытуу боюнча кеңеш сурап кайрылган.

Жыйынтыгында каржылык колдоо аркылуу  үйүнө жылуулук насосторун жана күн системаларын орноткон. Муну менен кышында Чолпон Сагынованын үйүнүн бардык бөлмөлөрү жылуу болуп, ысык суу чыгып калды.

Чолпон Сагынова

“Көмүр менен жылыталы десек, күлүн улам тазалап, моруна кам көрүп турушубуз керек экен. Ошондуктан жылытуу системалардын ичинен колдонууга ыңгайлуу жана бизге кымбат эмес болгонун издегенбиз. Азыр жылуулук насосу менен күн коллектри аркылуу энергия  үнөмдөлүп жатат. 1 кВт энергия үчүн гана акы төлөйбүз. Бирок, жогорудагы технологиялар аркылуу 3-5 кВт жылуулук алып жатабыз”, – дейт Чолпон Сагынова.

Бир жолку аракет – ар дайымкы жылуулук

Ош шаарынын тургуну Айбек Сыдыков 6 бөлмөлүү үйүнүн полун, дубалын, чатырын базалит менен жылуулап, терезелерин 5 камералуу – энергияны үнөмдөөчү айнектерге алмаштырган. Буга жылуулуктун эски жыгач терезелерден, жылууланбаган пол, дубал менен шыптан чыгып кетүүсү себеп болгон.

Мындан сырткары, ал от казанын да атайын сертификаты бар фирманыкына алмаштырган. Мурда бир чака көмүр үйдү 20 минута гана жылыта алса, учурда 3-4 саатка жетет. Натыйжада “термос үй” жылуулукту күн бою кармап турат.

Айбек Сыдыков – Ош шаарынын тургуну

Таштандыдан энергия алган Швеция

Швециядагы үйлөрдүн дээрлик жарымы таштандыларды күйгүзүү менен жылытылат. Бул өлкөдө чыгарылган таштандылардын 48 пайызы өрттөлүп, андан жылуулук энергиясы алынат. Шведдер таштандыдан энергия алуу – башка жылытуучу каражаттардан бир топ арзан жана пайдалуу экендигин айтышкан. Таштандылар экологиялык жактан эң таза жол менен өрттөлгөндүктөн климаттын өзгөрүүсүнө алып келген парник газын (CO2)  бөлүп чыгарат. Ал эми таштанды ташуучу унаалары таштандылардан алынган биогазда же ошол эле электр энергиясында иштейт. Швеция учурда таштандыны коңшу Германия менен Норвегиядан да сатып алууда.

Швециядагы таштандыдан энергия алуучу завод

15-октябрдан тартып коммерциялык ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы көтөрүлөт. Жаңы тарифтик саясат алкагында эл үчүн 1000 кВт саатка чейинки пайдалануудан электр энергиясына 77 тыйындан, андан ашкандар 1 кВт саат электр энергиясына 2 сом 15 тыйындан төлөйт. Ал эми ишканалар 2 сом 50 тыйындан төлөйт. Өкмөт баалардын көтөрүлүшүнөн жыл аягына чейин бюджетке 476 млн. сом кошумча киреше болот деп үмүттөнүүдө.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.