Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында Чүй облусу жеңүүчү болду

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы ат майданда Көк бөрү боюнча Кыргызстандын 2021-жылкы чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

18-октябрдан 24-октябрга чейин өткөн өлкө чемпионатына республикадан 9 команда – Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышты.

Финалдык оюнда:

1-орун – Чүй облусунун курама командасы – 600 000 сом;

2-орун – Ош облусунун курама командасы – 400 000 сом;

3-орун – Талас облусунун курама командасы – 300 000 сом;

4-орун – Ысык-Көл облусунун курама командасы – 200 000 сом;

5-9-орун: Жалал-Абад облусу, Бишкек, шаары, Нарын облусу, Баткен облусу, Ош шаары – бардыгы 100 000 сомдон байге ыйгарылды.

Ал эми чемпионаттын жалпы байге фонду – 2 000 000 сомду түздү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.