Күйүттөн жатаканага көчкөн окуу жай. Сүрөттөр

Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайында сабактар жатаканада жүрүп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган окуу жайдын жетекчиси Эркайым Исраилова билдирди.

Анткени бүгүн түнкү саат 1 лер чамасында чыккан тилсиз жоодон окуу жайдын концерттик залы толугу менен күйүп кеткен.

Натыйжада күйгөн залга, жанаша жайгашкан төрт бөлүм да жараксыз абалга кептелген.

Мындан улам, окуутууну үзгүлтүккө учуратпаш үчүн  200 окуучу  жатаканада билим алышууда. Ал эми өрттүн келип чыгуу себептери тактала элек.

Белгилей кетсек, окуу жай 1930-жылы курулуп эскилиги жеткен. Төрт жыл мурун  мекеме жамааты өкмөткө жаңы имарат куруу боюнча кайрылуу жолдошкон. Өткөн жылы долбоору даярдалып,  3 кабатуу жаңы окуу жай түшмөк. Бирок май куюуучу жайга жакын жайгашкандыктан,  курулуш иши башталбай келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген