Күйөөсүн өлтүрүп, көңүлдөшүн кислота менен күйгүзгөн аял кармалды

Индиянын Нагаркурнул шаарчасында өз күйөөсүн өлтүрүп, андан кийин көңүлдөшүнүн бетине кислота чачып салган  аял кармалды. Бул тууралуу Indian Express гезити жазып чыкты.

Маалыматка караганда, шектелип жаткан Редди деген аял бир нече жылдар мурда Раджеш аттуу дарыгерден физиотерапия алганы барып, ошондон баштап экөөнүн ортосунда мамиле пайда болгон. Баш кошуп, чогуу жашоону пландаган көңүлдөштөр Реддинин күйөөсү Судхардын көзүн тазалоону чечишет.

Ушул жылдын ноябрь айынын аяк ченинде шектүү Редди дарынын жардамында күйөөсүнүн эсин оодарып, андан кийин көңүлдөшү келип, аны темир түтүк менен башына чаап өлтүргөн. Муздап бараткан денени бир канча жолу тепкилеп, жүзү таанылгыс болуп калганда токойго алып барып өрттөп салышкан.

Болгон окуядан бир нече күн өткөндөн соң, Редди көңүлдөшү Раджештин бетине алгач бензин, андан кийин кислота чачып күйгүзгөн. Кислота тийген Раджештин бети таанылбай калганда экөө маркум Судхардын үйүнө келишип, ата-энеси жана туугандарына Судхар экендигин, ал күйүп калгандыгын айтышкан. Эч нерседен шектенбеген маркумдун ата-энеси ооруканага алып барып, акчасын төлөп Раджешти дарылата башташат.

Дарыланып жаткан адам иниси экендигинен күмөн санаган Судхардын агасы милицияга кайрылып, жыйынтыгында маркумдун аялы жана анын көңүлдөшү шектүү катары кармалган.

Алгач күнөөлөрүн моюндарына албаган көңүлдөштөр кийин окуянын баары пландуу болгондугун жана экөө бирге болуш үчүн ушундай кадамга барганын айтышкан. Күйүк менен жабыркагандарга бекер операция жасалаарын билишкен шектүүлөр кылмыштын ушул жолун тандап алышканы маалым болгон.

Учурда  көңүлдөштөрдүн бири ооруканада болсо, экинчиси темир тор артына жайгаштырылган.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.