Көчмөндөр оюндарында Казакстан алдыда баратат

Жалпы 19 медаль менен Казакстан азыр ДКО-2018 оюндарынын сап башына көтөрүлдү. Экинчиде Кыргызстан, үчтө Түркмөнстан келе жатат. 

Казакстанда жетиден алтын жана күмүш, 5 коло байге бар. Кыргызстан болсо 5 алтын, 5  күмүш, 8 коло медаль утту. Ал эми Түркмөнстанда 5 алтын, 2 күмүш, 5 коло бар.

Эске салсак, биринчи жана экинчи көчмөндөр оюндарында Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан мыкты үчилтикке кирген.

2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 37  турү боюнча мелдештер болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген