Көчкү коркунучундагыларга жер берилбей жатат. Эл коркуп, түндөсү уктабай чыгат

Баткен облусунда 94 үй-бүлө көчкү коркунучу бар аймакта жашайт. Алардын ичинен 41и Сүлүктү шаарында жайгашкан. Алдыда жаанчыл аба ырайы күтүлөөрүнө байланыштуу ӨКМдин адистери коопсуз жайга көчүүнү эскертип жатат. Бирок аларга жер тилкелери бериле элек.

Сүлүктү шаарынын тургундары 2016-жылдын май айындагы жер көчкүдөн бери кооптонуп жашап келе жатышат. Эки жыл ичинде 3 үй-бүлөгө гана коопсуз аймактан жер тилкеси берилиптир.  Бирок алар да ушул күнгө чейин көчүп кете элек. Үй салып бүтүшпөгөндүгүнө байланыштуу кооптуу болсо да эски турак-жайында күн өткөрүшүүдө.

Сүлүктү шаарындагы кооптуу деп табылган 41 үй-бүлөнүн айрымдарына жакын арада жер тилкеси бериле турган болуп жатат. Баарын коопсуз жайга көчүрүп кетүүгө жергиликтүү бийлик айласын таппай турган чагы. Буга жалпы эле облустагы жер тилке маселесинин курч бойдон калуусу себеп болууда.

Баткен облусунун аймагындагы сел, жер көчкү жана таш кулоо коркунучу бар аймактарда 1300дөн ашуун турак үй жайгашкан болсо, ушул кезге чейин 1167си коопсуз жерге көчүрүлгөн. Эгерде Бүргөндү массивиндеги 3,5 миң гектар жер пайдаланууга берилсе, биринчи кезекте кооптуу аймактагылар көчүрүлмөкчү.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar