Көчкүдөн жабыркагандарга президент менен өкмөттүн акчалай жардамы жеткирилди

Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы кырсыктан жабыркаган жети үй-бүлөгө акчалай жардам берилди. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев учурда Аюу-Сай айылындагы эл менен жолугуп, жаназа окуу зыйнатына катышып жатат.

Ал кырсыктан жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, 7 кожолукка президенттин атынан 100 миң сомдон, өкмөттүн атынан 70 миң сомдон акчалай жардамдарды тапшырды.

Мухамметкалый Абулгазиев белгилегендей, кооптуу аймактагы 69 үйдү көчүрүү үчүн  Төрт-Көл айыл аймагынан 42 гектар жер бөлүнөт.

Белгилей кетсек, 29-апрелде Өзгөндөгү Аюу Сай айылында жалпы көлөмү 1 млн куб метрден ашкан жер көчкү түшүп, 11 үйдү басып калды. Анын 7 үйундө адамдар жашап жаткан. Кырсыктан 24 жаран каза болуп, 3 адамдын гана сөөгү табылды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген