Үйдө жолдош, жумушта кесиптеш: “Ынтымактын” түгөйлөрү

“Ынтымак” медиакомпаниясында эки жуп түгөйлөр чогуу иштешет. Алардын бири – компаниянын программалык директору Акылбек Орозматов менен yntymak.kg сайтынын редактору Мырзайым Жаныбек кызы. Экинчиси – телеканалдагы эң кесипкөй оператор-монтажер Заир Абдукеримов менен радионун булбул үндүү алып баруучусу Райхан Орозбекова.  Жубайлар менен үй-бүлө, чыгармачылык жумуш тууралуу маектештик. Албетте, үйдө да, жумушта да чогуу жүрүү кандай болоорун, бул жагдай үй-бүлөлүк мамилелерге кандай таасир этерин да сурадык.

– Журналистика бириктирген жубайлар кантип таанышкан эле? Үй-бүлөнүн түптөлүшүнө ортодогу жалпы кесип көбүрөөк таасир этпедиби?

Акылбек: Биз Мырзайым менен чогуу гана иштебестен, университетте да бирге окудук. Ал кезде кесиптик кызыкчылыкты же азыркыдай бир телекомпанияда иштеп калышыбызды капарга деле албасак керек. Жаштык кездеги жалындуу сезимдер эле табыштырды. Сүйлөштүк, байкаштырдык дегендей, анан акыркы курста  баш коштук. Андан бери алты жылга жакын убакыт өттү, анын беш жылдайын үйдө жубай, жумушта кесиптеш катары өткөрдүк. Карьераны аксатпай, коломтодогу отубузду өчүрбөгөнгө аракет кылып, бири-бирибизге жөлөк болуп келе жатабыз. Тагдыр буйруп, журналистика бизди табыштырганы айкын, бирок үй-бүлөбүздүн негизи, пайдубалы жалпы кесип эмес, сүйүү болду.

-Азыр эми ошол сүйүүнүн “мөмөсү” – балдарыңыздар бар. Алар жашоонуздардын маңызы чыгаар, башканы кое туруп, уул-кызыңыз тууралуу сурабасам болбос.

Мырзайым: Кызыбыздын аты Арууке, төрт жаштан өтүп калды. Уулубуз Алинур 1,5 жашта. Азыр экөө тең бакчага барат. Алардын бал тилине, кайталангыс кылыктарына балкып турган чагыбыз. Арууке аябай зирек кыз болду, анын жөндөмүн өрчүткөнгө аракет кылып келе жатабыз. Мектепке даярдыгыбыз ойдогудай баратат. Кызым тилдүү, туугандарыбыз “эки журналисттин кызы сүйлөбөгөндө, ким сүйлөмөк эле?” деп күлүп калышат. Алинур болсо аябай шок, тили чыга элек болсо да, өзүнө керектүүнү түшүндүргөнгө жарап калды.

-Акыл мырзага бир аз жеңил болушу мүмкүн, бирок кичине балдар менен жумушту чогуу алып кетүү аял кишиге оор эмеспи, Мырзайым?

Мырзайым: Албетте, кыйынчылыктары, аны менен кошо артыкчылыктары да бар. Эки баланы төрөгөн менен декреттик өргүүгө чыкпай, бир катар маалымат сайттары менен фрилансер, редактор катары иштештим. Балдар күндүз уктаганда компьютерде иш кылып, түнкүсүн үй жумуштарымды жасаар элем. Азыр эми балдарым чоңоюп калды, алар бакчага барып, түйшүгүм азайды. Бирок ушундай график менен иштеген жалгыз мен эмес, аялдардын көбүнүн жашоодо көтөргөн жүгү ушундай. Башкысы, жолдошумдун колдоосу чоң роль ойноду. Азыр  жумушка чогуу кетип, үйгө чогуу кайтабыз. Тамак-аш белен эмес деп же дагы башка сөздү айтып, нааразы болгон жок. Нааразы болбогонунун өзү катуу сөзгө караганда мага чоң жоопкерчиликти артат, жубайы катары үйдө жагымдуу атмосфера түзгөнгө аракет кылам. Үй-бүлөм менен көп түйшүктүү кесипти эриш-аркак алып кеткенге жолдошумдун журналист экени пайдасын гана тийгизет.

– Экинчи үйүңүздөр болгон “Ынтымакка” келсек. Экөөңүздөр тең телеканал түптөлгөндөн бери ушул жакта иштеп келе жатасыздар. Аз убакытта чоң жана ийгиликтүү медиахолдингге айланган компаниянын сыры эмнеде деп ойлойсуздар?

Акылбек: Ушул жылдын августунда “Ынтымак” беш жылдыгын белгилегени турат. Мааракеге чоң ийгиликтер менен катар эле беш жаштагы баладай улам жыгылып, кайра туруп, жаңыны кызыгуу менен өздөштүргөн компания катары бара жатабыз. Ийгилик сыры деп албетте, “Ынтымактын” башатында турган устаттарыбызды, кыргызстандык жана эл аралык медиа эксперттерди, интернет технологиялары мүнөт сайын өзгөрүп турган доордун чакырыктарына туруштук гана бербей, изденүү менен иштеп келе жаткан командабызды көрсөтөөр элем. Байкаганыңыздай, мен адамдарга басым жасап жатам. Биздин медиахолдингдин башкы баалуулугу – команда жана ар бир кызматкер. Аларсыз “Ынтымак” азыркы ийгиликтерин жарата алмак эмес. Алгач радиобуз, ага улай телеканал менен сайтыбыз, кийин гезитти ишке киргиздик. Алардын ар бири аудиториясын тапты. Азыр эми социалдык тармактарда да активдүү маалымат таратып жатабыз. Компаниянын алдында маркум Таир Турсуналиев атындагы медиа мектеп ачылып, студенттерди конвергенттүү редакция, универсалдуу журналистика боюнча окутуп,  эки ирет бүтүрүүчүлөрдү чыгардык. “Ынтымактын” ийгилик жолун кыска сөз менен айтып бүтө албаймын.

Мырзайым: Эсимде, “Ынтымак” эми түптөлө баштаганда биз жарым сааттык радиожурналды эфирге алып чыгаар элек. Ал кезде обого чыкканыбызга сүйүнгөн жаш кыздар-балдар беш жыл ичинде радиобуз азыркыдай ири медиакомпанияга айланарын ойлобогонбуз. Башынан журналистиканын эл аралык стандарттарын, бейтараптуулукту бекем кармадык. Ушул биз эңсеген бийиктик деп жетекчилик да, кызматкерлер да токтоп калбай, улам жаңыны үйрөндүк. “Ынтымакты” түптөгөн “Интерньюс” эл аралык уюму бул жагынан аксатпады, биз аймакта эле эмес, Кыргызстанда биринчилерден болуп медиадагы жаңычылдыктарды эң компетенттүү адистерден, медиа устаттардан үйрөнүп келебиз. “Ынтымактын” ийгилигинин дагы бир себепчиси– ишти уюштура билген, мыкты менеджер, мурдагы директорубуз Данияр Садиевдин эмгеги чоң экенин баса белгилегим келет. Ушундай компаниянын бир багыты болгон маалымат сайтын тескөө мен үчүн сыймык жана жоопкерчилик. “Ынтымак”  Акылбек экөөбүз үчүн жөн гана иш жайыбыз эмес, ал биздин кесиптик дараметибизди ачып, такшалткан чоң мектебибиз, экинчи үйүбүз.

– Сайтыңыздарга баш баксам, “Ынтымактын” башкы багыттарынын бири катары үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу көрсөтүлгөн экен. Ушул баалуулукту карманган компаниянын өкүлдөрү катары айтсаңыздар, бекем үй-бүлөнүн сыры эмнеде? Балдарды тарбиялоодо кайсы эрежелерди карманасыздар?

Акылбек: Биздин үй-бүлөнүн башкалардан айырмаланган чоң сыры деле жок. Мырзайым экөөбүз тең өз ордубуз, милдетибизди так аткарганга аракет кылабыз.  Балдарга, албетте, апасы көбүрөөк көңүл бурат. Кызымды жакшы сөз, түшүндүрүү, салыштыруу, жомок каармандары аркылуу тарбиялап келебиз. Албетте, керек жерде тартипти бекем кармаганга аракет кылабыз.

Мырзайым: Акылбек көп айтып калат, балдарга жумшаксың деп, бирок кызыма катуу сөзгө караганда түшүндүргөн оң экенин тажрыйбамдан байкадым. Бир нерсени эне-бала талашып калсак, Аруукенин көңүлүн башкага буруп же жакшы жактарын айтып, мактап турсам, айтканга көнөт. Албетте, мындайга кээде өзүмдүн нервим чыдабай кетет , бирок ачуумду балдардан чыгарбаганга аракет кылам. Кенже балдарды тарбиялоодо жомоктор, курагына жараша мультфильмдер аябай таасирдүү экен. Мисалы, Арууке: “бул жомоктогудай момпосуйду иним, досторум тең бөлүшүүү керек, тиги мультфильдегидей колду жууш керек, апасына жардам берүү зарыл” деп калат.  Ал эми үй-бүлөдө жубайлар майда-бараттан чоң көйгөй жаратып, бири-биринин иш-милдетине, жеке мейкиндигине ашыкча аралаша берберсе эле көйгөй жаралбайт деп ойлом. Ушундай жазылбаган эрежелер жардамында Акылбек менен чогуу жашаган алты жылга жакын убакытта, албетте, пикир келишпестик, сөз талашуу болгон менен көңүл оорутуп, катуу айтышпадык.

 

Эки жүрөк

Заир Абдукеримов менен Райхан Орозбекованы “Ынтымак” табыштырган. Алардын үй-бүлө курганына бир жылга жакындап калды.

Бизди жолуктурган күн…

Мен сенден көп нерсени үйрөндүм… сен аркылуу жакшы инсандар менен баарлаштым… алардан үлгү алдым… сенде өткөргөн ар бир мүнөтүм, мен үчүн бир гана бактылуу көз ирмемдерди тартуулайт. Жараткан ийгиликтеримдин башаты сенсиң “Ынтымагым”. Ал гана эмес бакыт тартуулаган таанышууга себепкер өзүңсүң.  Ар бир инсан “алгачкы “ деген нерсени бактылуу  жылмаюулар менен эстейт. Биздин махабатыбыз да кубанычтуу элестер менен коштолот. Чыгармачылыгыбыз менен кызматыбыз табыштырып,  Жаратканым  түбөлүктүү жубайлардан кылды. Ал күн – 2014-жылдын 26-августу, Жалал-Абад шаары.

Сүйүшкөн жүрөк…

Райхан: Жумушта кесиптеш катары бири-бирибизге  жылуу мамиле жана ортобузда бир гана сый. Жумушубузду жакшы түшүнөбүз. Анткени мен түнкү 12ге чейин иштесем, Зайыр түнү менен жумушта болот. Убактыбыздын көп бөлүгү ушул керемет жайда өткөндүктөн, кээде уулду болсок, атын Ынтымак деп коёбуз деп тамашалашып калабыз.

 

Сыймыктанабыз…

“Ынтымак” КРТРКсы жакшы адамдарга бай. Иштерман, уюштургуч, өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылган кесипкөй адистер. Дал ушул инсандардын башын бириктирип туура сүйлөп, ар бирине түшүнүү менен мамиле кылган мурдагы директорубуз Данияр Абдуллаевич менен чогуу иштегенибиз биз үчүн сыймык.

Колдоо…

Аялзаты назик келет эмеспизби… Ошентсе да жолдошубуздун маанайына карап мамиле кылганга туура келет. Анын маанайы жок экенин көз карашынан эле туям. Ал учурда сүйлөшпөгөнгө аракет кылам. Бирок бири-бирибизди колдоого дайыма даярбыз, ар бир нерсени түшүнүү менен кабыл алганга аракет кылабыз. Жана ар дайым жумушта жылуу маанайды кармоого аракет жасайбыз.

Маек “Vizitka Osh” журналына жарыяланган. 

Айрым сүрөттөрдүн автору: Дастан Үмөттегин

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.