Үйүн шайлоо тилкеси катары ачкан адам мамлекеттик кызматкер эмес

Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кырк гектар конушунда айыл башчы үч күн мурун үйүн шайлоо тилкеси катары ачкан. Азыркы тапта керектүү жабдыктарды орнотуп жатат. Бул арада БШКнын адистери шайлоо мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматкер турак жайын шайлоо тилкеси катары ачууга болбой турганын белгилеп жатышат.

Айыл башчы Маматимин Топчубаевдин айтымында, үйүн шайлоо тилкесине айлантуусуна айылда бир да социалдык объект жоктугу себеп болгон. Аймакта жалпы 70ке чукул шайлоочу бар. Аларга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн ушундай кадамга барган.

БШКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Расулбек Кадыровдун белгилешинче, шайлоо мыйзамына ылайык участкалар социалдык объектерде ачылыш керек. Эгер андай мүмкүнчүлүк болбосо айылдагы эч жерде иштебеген адамдын үйүнө ачып, Боршайком ижара акысын төлөп берүүсү каралган. Анткени айыл башчы же айыл өкмөт бийликчил талапкерге тартып коюу ыктымалы бар дешет.

Папан айыл өкмөтүнүн катчысы Радахан Самиеванын айтымында, шайлоо тилкесине айланган үйдүн ээси сентябрь айында жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, тиешелүү буйрук чыккан. Ошондуктан, үйүн ижарага берген жаран азырынча муниципалдык кызматкер эмес.

Эске салсак, Ош облусу боюнча жалпы 488 шайлоо учтогу бар. Шайлоочулардын саны 600миңге чамалайт.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.