Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды Өкмөттүн аппараты өз көзөмөлүнө алды

Үй бүлөдө зордук-зомбулукту болтурбоонун алдын алуу үчүн КР Өкмөтү тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн жеке сайты кабарлады.

Маалым болгондой, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш чаралардын планы” бекитилди.

Бекитилген план 2020-жылдын ичинде аткарылып, ага жоопкерчиликти Башкы прокуратура, Жогорку сот, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик администрациялар жана өлкөдөгү дээрлик бардык министрликтер алышты.

“Жоопкерчиликти алган кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздап, үй-бүлөдө жүз берген зордук-зомбулукка ыкчамдык менен жооп кайтаруу чараларын көрүшөт. Ошондой эле жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоп, калк арасындагы зомбулуктарды аныктайт, жабырлануучуларга тез жардам көрсөтүшөт”,- деп жазылат маалыматта.

Өкмөттүн маалымат кызматы кошумчалагандай, зомбулуктун алдын алууга жана мамлекеттик кризистик борборлорду түзүүгө мамлекеттен бөлүнүүчү каражаттын өлчөмүн көбөйтүү планы каралды. Мындан ары жоопкерчиликти алган кызматтарды аркалагандар Өкмөттүн аппаратына ай сайын отчет берип турууга милдеттендирилди.

Сүрөт: Азаттык

Ошто аялын унаа менен сүйрөгөн жаран кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген