Изделип жаткан жарандын унаасынан белгисиз зат табылган

Оор кылмышка шектелип изделип жаткан жарандын унаасынан 125 грамм белгисиз зат табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын маалымат казматы билдирди.

Табылган заттын эмне экени азыр аныктала элек.

Өзгөчө оор кылмышка шектүүгө түспөлдөш адамды кече Ош шаарында жүргөнүн милиция кызматкерлери байкаган.

Текшерүү үчүн барган кызматкерди машинасы менен бир нече метрге сүйрөп барган. Андан ары жакын жердеги жүгөрү талаасына качып кеткен. Ал айдаган унааны текшерүү учурунда 125 грамм өлчөмүндөгү зат табылган.

Учурда милиция шаар жана облус аймактарына тосмолорду орнотуп шектүүнү издөө иштерин улантууда.

Сүрөт: www

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген