FB Twitter YouTube Одноклассники

Июнь окуясы эскерилди

Бүгүн, 10-июнь. 2010-жылдагы каргашалуу июнь окуясына 7 жыл болду. Ага карата Ош шаарында окуядан каза тапкандарды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү “Энелердин көз жашы” монументалдык эстелигинин алдына гүл чамбар коюшуп, жакындарын жоготкондорго көңүл айтышты.

Эскерүү иш-чарасына ошондогу окуяда Ош шаарынын коменданты болгон, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана облус жетекчиси, шаар мэри каргашадан каза тапкандардын жакындарына кайрат айтышты.

Июнь окуясы тарыхта кара тамга менен жазылган окуялардын бири болуп калды. Бирок азыр ал каргашаны айтпай коюуга болбойт. Мындан ары мындай окуя такыр кайталанбасын баары каалашат. Элдерди ынтымакка чакырып, биримдик менен келечекке кадам таштоо керектигин Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев айтты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков эскерүү иш-чарасынан кийин Жалал-Абадга сапар алды. Анда ал Сузактагы Санпа окуясы болгон жерге барып, ал жакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ал эми Ош шаары менен облусунун жетекчилери июнь окуясынан каза болгондордун үйлөрүнө барып, жакындарына көңүл айтышты.

Азыр июнь окуясын ошол кезде тартылган фото, видеолор гана эстетип турбаса, өлкөдө тынчтык өкүм сүрүп турат. Ушундай тынчтыктын баркына ошондогу капсалаңды өз көзү менен көргөн, башынан өткөргөн ар бир адам жетет десек жаңылбайбыз. Учурда улуттар аралаш жашап, жакшы-жаманына катташып турат.

Расмий маалыматтар боюнча, июнь окуясында 446 адам набыт болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. Талкаланып, өрттөлгөн имараттардын оруна жаңылары салынды.

Эң башкысы – жүрөктө калган жара акырындык менен бүтөлүп барат.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz