Италиялыктар: Ансыз деле жашоо тез өтөт. Бүгүн “Бүткүл дүйнөлүк шашпай жашоо күнү”.

Бүгүн дүйнө эли оригиналдуу күндү белгилеп жатат. 26-февраль кандай күн десеңиз, бүгүн- Шашпай жашоо күнү. Күлкүлүү э?

Бул күн майрам катары 2007-жылы италиялыктар тарабынан белгиленип, 13 жыл аралыгында дүйнөлүк майрам “статусуна” ээ боло алды.

Италия эли өтө шашма жана эмоцианалдуу калк келет. Ошондуктан, бул күндү жашоонун ырахатын татып, кичинекей эле көз ирмемдерден кубаныч алып жашоого чакырган күн катары белгилешкен.

“Жашоо ансыз да тез өтөт, баары шашылыш”,- дешет италиялыктар.  

Италиянын эли бир күндө 12 сааттан ашык убактысын кеңседе же башка жерде, жумуш үстүндө өткөрөт. Мындай көрүнүш албетте адамдын ден-соолугуна зыян. Ошондуктан, биз сөз кылып жаткан майрам италиялыктар үчүн өтө зарыл болчу. “Шашпай жашоо искусствосу” деген майрамдын шылтоосу менен алар үй-бүлөсүнүн, ата-энесинин же досторунун курчоосунда эс алып, ар бир мүнөттөн ырахат алышат.

Ошондой эле алар бул күндү өздөрүнө жаккан нерсе менен алек болуп өткөрүшөт: башка күндөрдөн эртерээк ойгонушуп, таңкы тамакты шашпай, ырахаттануу менен жешет, жумушка карай бараткан жолдо кезиккен жол тыгындары үчүн ачууланышпайт, жактырган музыкасын угушат, китеп окушат же жөн гана кошунасы менен жагымдуу баарлашат.

Италияны мекендеген бул күн башка өлкөлөрдүн дагы көңүлүн бурдуруп келет. Мисалы аталган майрам Лондон, Париж, Нью-Йорк жана башка өлкөлөрдүн кызыгуусун ойготкон.

Кандай деп ойлойсуз, бизге да керекпи мындай майрам?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген