Италиядан келген эки жаран коронавируска каршы текшерүүдөн өткөн эмес. Буга ким жооп берет?

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Италиядан келген эки кыргызстандык жарандарды эмне үчүн текшерүүдөн өтпөгөндүгүн териштире баштады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 27-февралда өткөн парламенттин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов Италиядан эрте менен келген эки адам коронавируска байланыштуу текшерүүдөн өтпөгөндүгүн айтты.

“Келген жарандардын дене табын текшерип эле кое беришкен. Бул эмне деген жоопкерчиликсиздик? Коронавирус АКШ менен Грузияга жетти, эртең бизге келсе жөн эле кырылып калабыз”,- деди депутат Турускулов.

Депутаттын бул билдирүүсүнөн кийин Алтынай Өмүрбекова аталган окуяны териштирүү үчүн тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген