Италиядагы темир жол кырсыгынан үч адам көз жумду

Италиянын Милан шаарында поезд  аварияга учурап, үч адам каза болсо, 100дөй адам оор жаракат алды.  Бул тууралуу ВВС кызматы жазды.

Миландын милиция кызматкери Марселло Кардонанын билдирүүсүндө, кырсык жергиликтүү саат менен 7лерде жүз берип, поездде жүздөгөн жүргүнчүлөр болгон.

“Биз кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктап жатабыз. Азырынча так бир нерсе деп айтыш кыйын. Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болоорго жакын поезд титирей баштаган экен”,- дейт Марселло Кардонна.

Кырсык катталган жерге куткаруучулар жана 2 вертолёт тартылып, алар купеге камалып калган жүргүнчүлөрдү алып чыгуу иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.