Ит тиштесе, эмне кылыш керек?

16-сентябрда Ош шаарында кутурган ит тиштеген 19 жаштагы жигит каза болгон. Ал убагында дарегерлерге кайрылбагандыктан, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Бул окуядан кийин ал окуган окуу жайдын студенттери, үй-бүлөсү текшерилген. Ал эми шаардагы жолбун иттер атылып, элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

“Ынтымак” Медиа – кутурма кандай пайда болот, ит тиштеген учурда эмне кылуу керек деген жана башка суроолорго жооп издеп, эскертмелерди сунуштайт.

Кутурма кайдан пайда болот?

Кутурма – бул жугуштуу оору. Вирус: шилекей, көз жаш жана зааранын курамында болот. Кутурган жаныбар тиштегенде, оору анын шилекейи аркылуу жугат. Вирус нерв аркылуу барып, алгач жүлүндү, анан мээни сезгентет.

Кутурманын негизги таркатуучулары:

Жапайы жаныбарлар:

Түлкү;

Карышкыр;

Кашкулак;

Чөө;

Жарганат.

Үй жаныбарлары:

Ит;

Мышык.

Кутурма илдетине кабылган иттерде кандай белгилер байкалат?

 Кутурма оорусуна кабылган иттер өтө жоош же болбосо, өтө эле агрессивдүү болуп калышат;

Жарыктан качып, караңгы жайга кирип алууга аракеттенет.

Ээси чакырганда жанына келбей, тамактануудан баш тартат.

Оозунан шилекейи көп агып, тынчсызданат.

Үнү буулуп, жоголо баштайт.

Эгер ит же башка үй жаныбарларында оорунун жогорудагыдай белгилерин байкалса, тезинен ветеринарга кайрылуу зарыл!

Эгер кутурган ит тиштеп алса, сөссүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек!

Оорунун башкы белгилери:

Тиштегенден кийин 10 мүнөт ичинде жаракатты самындап жуу;

Йод же спирт менен сүртүү;

Ооруканага тез арада кайрылып, кутурмага каршы эмдөө алуу.

Баштын оорусу:

Тамак ооруп, эч нерсе жута албай калу;

Суудан, жарыктан, ызы-чуудан коркуу;

Шилекейдин агышы;

Үндүн бүтүшү, тер басуу;

Элирүү, агрессивдүү болуу, колуна тийгенди талкалоо;

Шалга айлануу;

Жүрөктүн согушунун бузулушу.

Эскертүү: Ооруканага кеч кайрылганда, эмдөө да жардам бербей, адам каза табат. Мындан улам сак болуп, ит тиштеген учурда жакын жердеги ооруканага кайрылуу керек. Ар бир дарыгер сизге алгачкы жардамды көрсөткөнгө милдеттүү!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген