Испания: Коронавирус “Карылар үйүн” каптап, суткасына ондогон кары-картаңдар көз жумуп жатат

Испания коронавирустун курмандыгы болгондордун саны боюнча Кытайды артка таштап өттү. Учурда анда каза болгондордун саны 3,5 миңден өтүп, жалпы 50 миңге жакын адам вирусту жуктуруп алганы маалым болду.

“Реал Мадрид” футболдук клубу мекендеген Испания өлкөсүн аз эле убакыттын ичинде таажылуу вирус курчап алды. Илдеттен көз жумгандардын саны Кытайдан 360 учурга көп экендигин дүйнөлүк статистика тастыктады.

Бул өлкөдөгү өзгөчө кырдаал 13-апрелге чейин жарыяланып, окуу имараттары, дүкөндөр, кафе-ресторандар жабылган. Азык-түлүк саткан дүкөндөр жана дарыканалар гана иштеп жатат.

Пайда болгон кырдаалдан улам Испаниянын жашоочулары массалык түрдө үйдө олтуруп, үй шартында иштеп жатышат. Тартипти бузгандарга 500 евродон айып салынды.

Өлкөдөгү көптөгөн компаниялар жумушчуларынын санын кыскартууга туура келип, дээрлик 2 миңдей адам жумушсуз калды.

Ал эми аталган өлкөнүн медицина тармагы өтө оор учурга туш келди деп жазды Украинанын ТСН.ua сайты.

Маалым болгондой, дарыгерлер беткап, колкап, медициналык халаттардын жана вирусту аныктоочу тесттердин жетишсиздигинен бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатат.

“Бизде баары бар, баарына даярбыз деп айтат бийлик. Бирок даярдык жок. Мисалы, коронавирусту аныктоого 300 миң тест алынып келинди. Бирок аларды ким колдонуп, ким текшерет. Ар бир иштин өз адиси болууга тийиш, бизде андай адистер аз”,- деген тез жардам кызматынын дарыгери Луис Диаз Изкьердо.

Көйгөйдү жеңилдетүү үчүн бийлик өкүлдөрү Кытайдан 432 млн еврого жабдык сатып алганы турат. Бирок аларды жок дегенде 8 жумадай күтүүгө туура келет. Ошондой эле учурда Кытайдан дарыгерлер да келиши күтүлүп жатат.

Вирусту жуктургандар ушунчалык көп болгондуктан, ооруканаларга батпай, жерде жатып дарыланып аткандардын саны көп. Илдеттин белгилери жоктор үйлөрүнө жөнөтүлүп жатат.

Жашы өйдөлөп калгандарды чеңгелине тез алган коронавирус карылар үйүн да каптап, күнүнө ондогон кемпир-чалдар көз жумуп жатат.

Дүйнө жүзү боюнча 20 миңден ашык адам вирустан каза болушту. Алардын арасында биринчи кезекте 7,5 миң жашоочусун жоготкон Италия, экинчи орунда Испания, ал эми үчүнчүдө Кытай турат. Ошондой эле Иран жана Франция дагы миңдеген жарандарынан айрылды.

 

Дүйнөлүк дарыгерлердин эки тараптуу изилдөөсү: коронавирус жаш балдар үчүн кооптуубу?

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген