Исландиянын жана Польшанын президенттери Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна баруудан баш тартышты

Исландиянын бийлик өкүлдөрү Орусияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна баруудан баш тартышты. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Исландиянын союздаштары жана коңшу өлкөлөрү Солсбериде болгон окуядан кийин Орусияга каршы ар кандай чараларды көрүштү. Буга байланыштуу Исландиянын бийлик өкүлдөрү Дүйнө чемпиондугуна барбай тургандыгын билдиришкен.

Эске салсак, 4-мартта мурдагы орус чалгындоо кызматынын башчысы 66 жаштагы Сергей Скрипаль менен 33 жаштагы кызы ууландырылган. Буга Лондон Орусияны айып чыккан. Жыйынтыгында эл аралык чыр чыгып, Британиянын премьер-министри Тереза Мэй окуяга байланыштуу 23 орусиялык дипломатка бир аптанын ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылган. Ал эми 26-мартта АКШ бийлиги Орусиянын 60 дипломатын өлкөдөн чыгарууну чечкен.

Польшанын президенти Анджей Дуда дагы иш-чаранын салтанаттуу ачылышына катышпай тургандыгын билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген