Исламабадда Чыңгыз Айтматовдун китебинин бет ачары болду

Исламабадда Ч.Айтматовдун китебинин бет ачаар аземи болуп өттү. Анда “Жамийла”, “Кош Гүлсары” жана “Деңиз бойлой жорткон ала-дөбөт” повесттери камтылып, Пакистандагы адабият академиясы, Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин демилгеси менен урду тилине которулуп басылып чыккан.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага жазуучулар, илимпоздор, дипломатиялык корпустун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын элчиси Э.Бейшембиев өз сөзүндө улуу жазуучунун китебинин бет ачаар аземи Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында болгонун белгилеп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнүн негизги этаптары жөнүндө айтып берди, Айтматовдун жолу жана бай адабий мурасы, анын жашоосу жөнүндө маалымат берди, анын чыгармалары 176 тилге которулган.

Иш-чарада ошондой эле Ч.Айтматов жөнүндө даректүү тасманы көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду, туристтик буклеттер чыгарылып, кыргыз ырлары жаңырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.