Ислам өнүктүрүү банкы өлкөдөгү ооруканаларга 21 тез жардам унаасын алып берет

Өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекемелерине 21 тез жардам унаасы берилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо миинстрлигинен маалым болду.

Унаалар Баткен, Чүй, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарына таратылат. Алар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан грант түрүндө келди.

Буга чейин Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 66 тез жардам унаасын сатып берген. Алардын 45и Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарына тапшырылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.