Ислам аялды урууга уруксат береби?

Медициналык-демографиялык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда  мурда-кийин никеде турган 15-49 жаштагы кыз-келиндердин үчтөн бири зордук-зомбулукка кабылган. Алардын дээрлик жарымы эч качан бирөөгө жардам сурап кайрылган эмес, болгон окуя тууралуу башкаларга ооз ачпаган. Кол көтөргөндөрдүн көпчүлүгү мындай аракетин ислам аялды тарбиялоо максатында уруп-согууга уруксат берет дешет.

Кыргыз үй-бүлөлөрүндө жагдай кандай, аялдарга кол көтөрүү боюнча исламда чынында эмнелер айтылганын “Ынтымактын” өнөктөшү  “Мейкин Азия онлайн” иликтеп көрдү.

БУЛ АДАТТАГЫ КӨРҮНҮШПҮ?

2015-жылы Кыргызстанда 3538 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган. Зомбулукка кабылган жүз аялдын бирөөсү гана милиция чакырат. Анткени көпчүлүк эркектер, кала берсе аялдар да күйөө кол көтөргөнгө укуктуу деп билишет.

“Агам бир нече жолу эле урган. Аялы ажырашам деп жатса, эмне кылышы керек эле?” – дейт зомбулукка барган кишинин карындашы.

Сентябрь айында Бишкектеги ири базарлардын биринде видео тартылган: 20-25 жаштагы жигит кыргыз улутундагы кызды оогандык менен баратканы үчүн соккон. Айрым жолоочулар кыздын таламын талашышкан. Кол көтөргөн киши болсо өз аракетин көз карашы жана “принциптерине” байланыштырды.

Октябрь айынын башында куудул жана шоумен Эмил Эсеналиев эки басылмага берген интервьюсунда аялдарга карата зомбулукту актаган. “Күйөөсү  бар аялдар башка эркек менен жүрсө, менин деле ургум келет. Алар тил албай, түшүнбөй жатса, уруу керек. Андайларды урбай анан эмне кылуу керек? , – деди Эсеналиев “”Супер-Инфого” берген маегинде.

Бул интервью 78 миң нускада чыккан гезитке жарыяланды.

Эсеналив Кыргызстанда популярдуу, анын инстаграмм-аккаунтуна 100 миңден ашык киши жазылган.

Макала гезитке чыккандан кийин Эсеналиев аялдарга карата зомбулук боюнча пикирин Kloop.kg басылмасына да бекемдеди. “Мен гезиттин журналистине жагдайга карап туура суроо бериш керек дегем, мисалы, бирөөнүн аялы башка эркек менен жатса, күйөөсү билип алып, аялын токмоктосо… Анан ушул  туурабы деп сурашса, туура демекмин”, – деди шоумен. Ал аялдарга карата зомбулукту кубаттабай турганын, анткени өзү ушундай үй-бүлөдө чоңойгонун кошумчалады. Актердун пикиринде, аялга кол көтөрүүгө бир гана себеп бар – бул күйөөсүнүн көзүнө чөп салуу. “Тамактын тузун ашырып жиберип же кирди жуубай койсо, же дагы ушундай себептерден улам аялды урса болбойт. Мен журналисттерге ушинтип жооп бергем”, – деди ал.

“Үй-бүлөлүк зомбулук учурлары коомдун исламдашышына байланыштуу көбөйүп жатат. Эмнегедир ислам аялды тарбиялоо максатында уруп-согууга уруксат берет деген түшүнүк калыптанган”, – дешет эксперттер.

 СВЕТТИК КӨЗ КАРАШ

“Мындай окуяларга  чет элдик катары комментарий берүү мен үчүн өтө оор.  Бирок санарип доорунда Кыргызстанда “Мерседес” жана “Ленд Крузерлерде” жүрүшкөнү менен, адамдар бири-бирине күч колдонгон орто кылымдагы салттар сакталып калганы мени таң калдырат”, – дейт “”БУУ Аялдар” Кыргызстанда” өкүлү Геральд Гюнтер.

 

ИСЛАМДА КАНДАЙ?

“Ислам аялдарды уруп же сөз менен кемсинтүүгө жол бербейт, – дейт Кыргызстандын уламалар кеңешинин мүчөсү, теолог Кадыр Маликов. – Бирок айрымдар Ан-нас сүрөөсүнүн 34-аятына шилтеме жасашат. Анда: “Аялдын баш ийбей жатканынан кооптонсоңуз, төшөктөн качып же койгулаңыз” деп айтылат. Бирок мында аяттын Мухаммед пайгамбардын сүннөтү менен түшүндүрүлүшүнө караш керек. Аткени Курандагы башка аятта биздин Мухаммед пайгамбар үлгү экени, Аллах ага эң мыкты мүнөз бергени айтылат. Сүннөткө ылйык, пайгамбар эч качан колун көтөрүп же аялдарын жазалаган эмес. Өлөөр алдында ал мусулмандарга аялына жакшы мамиле кылууну керээз айткан. Эркекке төшөктөн качууга үч күн гана уруксат берилген, анткени андан узап кетсе, аялдын укуктары башталат. Аяттагы “койгулоо” деген сөз  – бул азыр биздин өлкөдөгү болуп жаткан нерсе же, тилекке каршы,  турмушта кезигип жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулук эмес. Бул жөн гана мамилелерде кемчиликтер болуп жатканын аялга көрсөтүүчү белги. Ислам аялды урууга уруксат бербейт. Мусулмандар же башка дин өкүлдөрү аялдарын уруп-соккону  – бул адамдык гана фактор”.

“Мында ислам күйөөгө аялын тарбиялоо максатында кол көтөрсө болобу деген суроо турат?” – дейт Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси  Султанали Гапуров.

Исламда аялынын жүрүм-турумуна нааразылыгын күйөөсү үч жол менен көрсөтө алат:

1. Ал аялы менен сүйлөшпөй, суроолоруна жооп бербей кое алат.

2. Аялы түшүнбөй жатса, төшөктөн качат.

3. Бул эки жол тең жардам бербей жатса, шариатта аялды урса болот деп айтылат. Бирок катуу эмес. Хадисте аял назик жан, кабыргадан жаралган делет. Түздөп же урам деп жатып, биз аны сындырып алышыбыз мүмкүн.

Айрым окумуштуулар урганга эмес, мисвак менен чабууга уруксат дешет.  Мисвак менен “сокку” уруу деп эсептелет. Бул ыкмалар күйөө тараптан аялын бир нерсени мажбурлап жасатууга же кайра тарбиялоо үчүн эмес,  таарынычын билдирүүгө гана колдонулат. Анткени аял – бул адам, Кудай ага акыл-эс, тил берген, ал уруп же бир нерсеге мажбурлагыдай жаныбар эмес. Шариаттагы мисвак менен согуу уруксатын көгала кылып же бир жерин сындырганча ур-тепкиге алуу менен  теңебеш керек.

“Мага аялды урса болобу деп суроо бергендер, аялын дароо эле ур-тепкиге алгысы келет. Андай болбойт. Эгер аял көчөгө чыгып кете берсе, кой деп айтыш керек. Такыр болбой кетип жатса, анда бир үйдүн ичинде төшөгүн бөлүп салыш керек, бирок балдар көрбөсүн бөлүнүп жатканын. Бул үч күнгө уланышы мүмкүн. Анда да болбосо, уруш керек, бирок эч жери көгөрбөй тургандай кылып. Самандын сабагы менен урса болот. Урду деген аты бар, бирок заты жок. Ушул үч аракеттен майнап болбосо, аксакалдарды чакырып, кеңешин угуп, ал да жардам бербесе, ажырашууга болот. Мени аялды урса болбойт деп Куранды бузуп айтты дешет. Ал адамдар диндин маанисин түшүнүшпөйт. Куранда биздин эркектер аялын ургандай нерсе айтылбайт. Эгер кыргыз аялын урса, ал сөзсүз реанимацияга түшүп калат”.

МЫЙЗАМ ЭМНЕ ДЕЙТ?

Ушул жылдын 28-октябрынан Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо” тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүүнүн натыйжалуурак ыкмалары каралган. “Дуйнөлүк жана улуттук тажрыйба көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зордук учурунда кылмыш же административдик жаза натыйжасыз, анткени, айыпкер менен жабырлануучу бири-бирине жакын адам болгон үчүн адатта жабырланган тарап мындай жазаны каалабайт. Жаңы мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук  боюнча иш алып барган ар кайсы түзүмдөрдүн өз ара аракеттенишине багытталган, алдын алууга көңүл бурулат”, – дешет мыйзм демилгечилери.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar