“Ишениш үчүн сен муну көрүшүң керек”. Кыргызстан түштүк кореялык блогердин сүрөттөрүндө

Сүрөтчү жана жазуучу Джуно Ким Кыргызстанга арнап бир нече макала жана фоторепортаж чыгарды. Ал Кыргызстандын табияты “уникалдуу жана эстен кеткис” деп жазат. Материалдын түп нускасы “Мейкин Азия онлайн” өнөктөшү kloop.kg басылмасына жарыяланды. 

Жумгал

Жумгалдык аял

Джуно Ким 8 жылдан бери дүйнө кезип жүрөт. Бул аралыкта ал 40тан ашык өлкөнү кыдырды. Мекени – Түштүк Кореяда Ким жазуучу, сүрөтчү жана блогер катары белгилүү.

Джуно Ким Соң-Көл тарапта

Саякатчы RunawayJuno.com блогунда өзү барган өлкөлөр тууралуу жазат. Алардын катарында Кыргызстан да бар. Джуно бир нече макала чыгарып, анда кыргыздардын турмушу, салт-санаасы, өзгөчөлүктөрү тууралуу баяндаган.

Соң-Көл

Кыргызстан тууралуу  “Кыргызстандагы эң мыкты жерлер сүрөттөрдө: Ишениш үчүн муну көрүшүң керек” деген ат менен фоторепортаж да жарыяланды.

“Он күн бою мен бул укмуштуудай өлкөнүн аз эле бөлүгүн изилдедим, сүрөткө тартпай  кое албадым. Эми ошол сулуулукту сиздер менен бөлүшүүгө убакыт келди. Кыргызстанда тартылган сүрөттөрдүн айрымдары ушулар”, – деп жазган Джуно өз блогунда.

Көл-Үкөк

Джуно кыргыздын улуттук суусундугун “керемет” деп атап, бул суусундуктун тарыхын, курамын изилдеп, бүтүндөй бир материал жасаган.

Джуна дагы бир баянын Ысык-Көлгө арнады. Джуно Ким Кыргызстанда көл жээктерин көрүүнү күтпөгөнүн айтат.

Эмне кылуу керек? Сүзүү, сүзүү жана сүзүү”, – деп жазат ал.

Токмокто саякатчы Буранага барса, Бишкекте анын көңүлүн азык-түлүк базары бурган. Бирок эң чоң сүрөттөр топтомун ал Нарын облусундагы Жумгал районуна, Соң-Көл жана Көл-Үкөк көлдөрүнө арнаган.

Джуно Кимдин бардык макала жана сүрөттөрүнүн толук топтому менен анын сайтынан таанышууга болот. Джуно Ким Кыргызстанга  “USAID`дин ишкердикти өнүктүрүү демилгеси” деген долбоорунун алкагында келген. Долбоор Кыргызстанга бүт дүйнөдөн туристтерди тартууга багытталган.

Долбоор демилгечилери жазылган колдонуучулары 500 миң кишиден ашкан белгилүү блогерлерге Кыргызстанга келип-кеткен чыгымын төлөп беришет.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz