Исхак Пирматов Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылды

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Пирматовго карата козголгон кылмыш иши каралды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сот залында төрагалык кылуучу Махабат Бекишева Исхак Пирматовду күнөөлүү деп таап, 300 миң сомго жазалады.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 31-майында, Пирматов УКМКнын тергөө кызматы тарабынан эки айга камакка алынган, бирок кийин ал тергөө менен кызматташууга келишим түзүп, бошотулган.

Мурунку депутат, 28-майда депутаттык мандатын тапшырган. Ал 2015-жылы «Бир бол» партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.