Исхак Пирматов үй камагына чыгарылды

УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянганда, ал эч жакка кетпөө боюнча тил каттын негизинде камактан чыгарылган.

Тактап айтканда, Пирматов өлкөдөн жана туруктуу же убактылуу жашаган жеринен тергөөчү менен соттун уруксаты жок кетпөө боюнча тил кат жазып берди. Ал ошондой эле тергөө менен кызматташтык кылууга Башкы прокуратуранын прокурору менен келишим түзгөн. Ошондой эле, ал чакырылган учурда келип турууга милдеттендирилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.