Исхак Пирматов: Доллар менен насыя алган жарандардын абалы кантет эми?

Бир эле күндүн ичинде доллардын курсу 3 сомго өстү, чек аралар жабылды. Бул деген каржы каатчылыгы башталды дегендик. Көптөгөн жарандар менен ишкерлер илгери үмүт менен насыя алышкан, эми алардын абалы кандай болот? Мындай суроону депутат Исхак Пирматов өкмөт мүчөлөрүнө Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчет берүү учурунда берди.

Депутат Пирматовдун айтымында, 2016-жылы Өкмөт ипотеканы сом көрсөткүчүндө берүү жөнүндө токтом чыгарган. Ага ылайык, доллар кунунун өсүшүнө жараша бюджетте иштегендердин эмгек акысы да ошол деңгээлде өсүп турмак, бирок андай болгон жок.

“Бюджеттик мекемелерде иштеген жарандардын көпчүлүгү доллар менен насыя алышкан, алардын абалын кантебиз? Коммерциялык банктарга алыңар жетеби?”,-деди Исхак Пирматов.

Ага жооп кылып Экономика министри Санжар Мукамбетов министрлик коммерциялык банктарга түз таасир тийгизе албай турганын, алардын ишин Улуттук банк жөнгө салаарын, ал оңтойсуз абалда калган ишкерлерге жардамдашуу боюнча сунуштарын бергенин билдирди.

Анда депутат Пирматов Улуттук банктын сунуштамалары аткарылбай жатканын, мындан ары деле аткарылбай турганын белгиледи.

“Ким эле өз кызыкчылыгына каршы иштегиси келсин. Андан көрө айткылачы, өткөн жылы канча көлөмдөгү баалуу кагаздар сатылды?”, – деп сурады Исхак Пирматов.

Ага Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жооп кылып, 2019-жылы 15 млрд сомдук баалуу кагаз сатылганын, ал каражат республикалык бюджетте камтылганын билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген