Исфана шаарында ун заводу ачылат

Баткен облусунун Исфана шаарында ун завод ачылат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар башчысы Абдубали Хабраев билдирди.

Хабраевдин айтымында, завод жаңы жылга чейин ишке кирип, күнүнө 100 тоннадай ун өндүрөт.

“Райондо 29 миң тонна кылкандуу дан өсүмдүктөр өстүрүлөт. Анын 16-17 миң тоннасын буудай түзөт.  Эми ошол өндүрүлгөн буудайларды өзүбүз сатып алып, ун өндүрсөк деп жатабыз. Келечекте бул завод ишке кирсе кунуно 100 тонна ун иштелип чыгат. Азыр биздин жашоочулар Казакстандын ундарын сатып алышат. Эгер бизден чыга баштаса баа да арзан боло баштайт”-дейт Абдубали Хабраев.

Аталган завод аймактарды  өнүктүрүү жылына карата курулуп, жаңы жылга чейин ишке кирет. Ун заводду курууга жалпы  60 миң  доллар сарпталган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген