Исаков: Кесиптик жогорку билим берүүнү реформалоо үчүн конкреттүү кадамдарга барабыз

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен Бишкекте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр кесиптик жогорку билим берүү системасындагы көйгөйлөргө токтолуп, аны чечүү жолдорун сунуштап, перспективалык кадамдарды белгиледи.

Алгач министр эмгек рыногундагы суроо-талап менен сунуштун ортосундагы айырма, окутуунун сапатын көзөмөлдөө боюнча механизмдердин ЖОЖдордо толук кандуу колдонулбагандыгы, университет жетекчилигинин чабалдыгы жана дипломдуу адистердин артында технологияларды башкаруу, маселени чечүү, критикалык ой жүгүртүү, иш билги жана башка жөндөмдөрдүн аздыгын белгилеп өттү.

Каныбек Исаков мындан сырткары ЖОЖдордун жетекчилиги менеджменттин дүйнөлүк тренддерге сергек эместигин белгилеп, жогорку билим берүүнү өнүктүрүү боюнча алдыда жасала турган конкреттүү кадамдарды атады.

Министр мындан сырткары санариптик транформациянын алкагында электрондук лицензиялоо, окуу жайларына электрондук форматта кабыл алууну уюштуруу, билим берүүнү башкаруудагы маалыматтык системасын (ИСУО) толук кандуу ишке ашыруу жумуштары аткарылып жатканын белгилеп, 2020-жылдан маяналарды эсептөө автоматташтырыла турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 65 жогоркуу окуу жайы бар. Алардын 32си мамлекеттик, калганы жеке менчик. Студенттердин саны – 168 935.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.