Иса Өмүркулов: Коронавирустун күч алышы өлкөдөгү шылуундардын пайдасына жол ачты

Коронавирустун шарданы менен пайда көргөн шылуундар өлкөбүздө күн санап өсүп жатат. Бул тууралуу депутат Иса Өмүркулов ЖКнын жыйынында билдирди.

Анда Иса Өмүркулов тездик менен жайылып жаткан вирустун кесепети Кыргызстанга да тийип, натыйжада дары-дармектин баасы күндөн-күнгө өсүп жаткандыгын айтты.

“Эл арасында тараган кептерден улам эле медициналык каражаттардын наркы эч негизсиз өсүп жаткандыгын байкасак болот. Мындай абалдан пайдаланып, өз кызыкчылыктарын көздөгөндөр да четтен чыгып атат. Мунун баарын ким көзөмөлгө алат? Сатылып жаткан товарлардын чыныгы баасы кандай болушу керек, алардын сапаты кандай экендигине ким жооп берет? Антимонополдук кызматы эмне жумуш кылып жатат?”,- деди Иса Өмүркулов.

Ошондой эле депутат дары-дармек эле эмес, базардагы азык-түлүктүн абалы деле ушундай экендигин кошумчалап, тез арада бул маселеге чара көрүш керектигин айтты.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.