“Ирония судьбы, или С легким паром” тасмасынын башкы каарманы Андрей Мягков каза болду

Белгилүү советтик жана орус актеру Андрей Мягков 83 жашында каза болду. Бул тууралуу актер иштеген Чехов атындагы Москва көркөм театрынан кабарлашты. Маалыматка ылайык Мягков жүрөк оорусунан улам Москвадагы өз үйүндө дүйнө салган.

Андрей Мягков 1938-жылы Ленинградда туулган. 1965-жылы театралдык окуу жайды бүткөн соң Орусиядагы “Современник”, Москва көркөм театрында эмгектенген.

Ал көрөрмандарга режиссер Эльдар Рязановдун “Ирония судьбы, или С легким паром”, “Служебный роман”, “Гараж”, “Жестокий романс” аттуу тасмаларындагы ролдору менен таанымал болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.