Ирина Карамушкина Башкы прокурордун отставкага кетүүсүн талап кылды

Депутат Ирина Карамушкина башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкасын талап кылды.

Ал саясий оппоненттердин мыйзамсыз жоопко тартылып жатышы башкы прокурордун аракетсиздигинен жана саясий буюртмаларды аткарып жаткандыгынан улам ишке ашып жаткандыгын айтты.

“Атамбаевдин кеңсесиндеги тыңшоо, Юстиция министрлигинин КСДПны Сагынбек Абрахмановго мыйзамсыз өткөрүп бериши, ЖЭБди модернизациялоодогу келишимдерди ратификациялоодо экс-спикер Асылбек Жээнбековдун өз кызматынан аша чапкандыгы, “Альфанын” Кой-Ташка бастырып кириши” боюнча арыз берилип, бирок бир да кылмыш иши ачылган жок”,- деди Карамушкина.

Өткүрбек Жамшитов аталган иштерде эч кандай саясий буюртма жок экендигин билдирди.

Өкмөт: Жанар Акаевдин Премьер-министрди коррупциялык иштерге тиешеси бар деген айыптоосу негизсиз

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.