Ирина Карамушкина Атамбаевди бошотуп, ордуна өзүн камакка алууну президентке сунуштады

ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, ордуна өзүн камоо сунушу менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Мындай сунушун ЖК депутаты Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Атамбаевдин тарапташтарына оор беренелерди “илип” койдуңар, мыйзамсыздык менен күрөшкөндөрдү кылмышкерге айландырдыңар. Менин силерге сунушум бар: Алмазбек Атамбаевди абактан бошотуп, ордуна мени камап койгула. А Атамбаев чыгып, ден-соолугуна кам көрсүн. Бул сунушум менен мен өзүмү баатыр кылып көрсөткүм келген жок, бул деген “досуң үчүн жаныңды берүү” дегендик. Тилекке каршы силер мындай нерсени түшүнбөйсүңөр дагы”,- деген Карамушкина.

Эске салсак, УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, кан басымы көтөрүлүп кеткендигин анын адвокаты Замир Жоошев билдирген болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген