Ири соода тармактары ​​социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасын төмөндөтөт

Ири соода түйүндөрү (Народный, Глобус, Фрунзе) социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларын төмөндөтүшөт. Бул тууралуу мамлекеттик монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кумшекердин килограммы 62-63 сомдон 55 сомго чейин төмөндөйт. Күн карама өсүмдүк майы үчүн – классына жараша арзандатуу 1 литрине 15 сомдон 20 сомго чейин болот.

Базарларда спекулятивдик баалар байкалганы белгиленди. Буга байланыштуу жакынкы күндөрү ага чаралар көрүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.