Ири өлчөмдөгү сымап сатып жаткан эки жаран кармалды

Ушул жылдын  3-февраль күнү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү  бөлүмү тарабынан 1956-жылы туулган М.Р. жана 1978-жылы туулган Х.Ж. аттуу жарандар “сымап” уулуу затын сатып жаткан жеринен кармалышкан.

Кармалган жарандарга өздүк кароо жүргүзүүдө 100 килограммдан ашык салмактагы “ртуть” уулуу заты табылып алынган.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды  аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген