Иран ШКУнун тогузунчу мүчөсү болот

Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө болот. Бул тууралуу “Коммерсант” гезити расмий булактарга таянуу менен жазууда.

Анда, Ирандын ШКУга кирүү процесси бир канча убакытка созулаары көрсөтүлгөн.

Эске салсак, учурда уюмга Орусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

Иран уюмга кирүү үчүн 2008 -жылы арыз берген.

Белгилей кетсек, Дүйшөмбүдөгү ШКУнун саммити 16-17-сентябрда өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.