Иптар базар жабылат. Мындай талапты Ош шаардык санитария-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы койду

Жол жээгинде жайгашкан кичи базарда санитардык талаптар сакталган эмес. Мындан сырткары ар күнү кечинде ал аймакта баш аламандыктар көп болууда. Санитария-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы күнүмдүк тамак аштар ачык жерде, жол боюнда сатылып жатканына каршы болуп жатат. Анткени иптар базар жайгашкан жер санитардык гигиеналык талаптарга жооп бербей, натыйжада тез бузулуучу тамак ашты колдонгон жарандар ооруп калышы мүмкүн.

Аталган кызмат рамазан айы башталганга чейин жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Бирок анын жыйынтыгы болбой 2 күндөн бери атайын рейд уюштуруп жатышат. Эскертүүгө кулак салбагандарга эми айып пул салынат.

” Сатып жаткан адамдарга 1000 сомдон 10 000 сомго чейин айып пул  салабыз.  Андан сырткары кварталдык комитетин төрагаларына аймактык кеңеш жетекчилерине да айып  салынат. Себеби биз буга чейин баарына айтып деп бизден көз каранды болгон иш чаралардын баарын уюштурганбыз”,-дейт Ош шаардык санэпид көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Сейиткасым Курбаназаров

Ош шаарындагы 8-март көчөсүндө жайгашкан Иптар базарга шаар бийлигинен да уруксат берген эмес. Андыктан шаар жетекчилиги бул жайдын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз дейт.

 “Бул жерге чыгышканы мыйзамсыз бул жерге эч ким уруксат берген эмес. Элден өздөрүнчө эле 3-4 жылдан бери базар кылып жатышат. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылы чыккандар аз”,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын Сулайман-Тоо аймактык кеңешинин төрагасы Мажит Эрбабаев.

“Базардын  тротуарга чыкканы менен элдерге эч кандай тоскоолдук болгон жок. Кээ бири күндүзү кыла албайт кээ бири үй шартында мындай кыла албайт. Ошого балдар  менен жаңы нерсени алып жегиси келишет. Мунун жаман тарабын көрбөй жатам”,-деп кошумчалайт  Ош шаарынын тургуну Диларам Кадырова

Ош шаарынын аймагында Рамазан айында ишке кирчүү 3 кичи базар бар. Алардын баары жол жээгинде жайгашып, күнүмдүк тамак аштар, шириндик татымдар сатылат. 3 жылдан бери иштеп жаткан базарларга азырынча жарандардан арыз даттануулар боло элек. Бул жай 1 айлык мөөнөттө гана иш алып барып, ар күнү кечкисин 2-3 саат гана убакыт болот.

 

Текст: Марат Акимбек уулу

Видео: Арген Калыбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген