Иордания Азия Кубогунда плей-офф баскычына чыкты

Футбол боюнча Азия кубогунун 2-турунда Иордания Сирия курамасына каршы оюн өткөрүп, 2:0 эсебинде утуп алды. Ошентип алар эки оюнда 6 упай топтоп, плей-офф баскычына өткөн алгачкы курама болду. 

Эске салсак, Иордания курама командасы 1-турда Азия Кубогунун жеңүүчүсу Австралияны 1:0 гө жеңип алган эле. Эми алар 3-турда Палистина менен оюн өткөрөт. Эгер алар ал беттеште да жеңишке жетсе, тайпада 1-орунду камсыздайт.

Белгилей кетсек,  кечээ БАЭ өтүп жаткан Азия кубогунун 2-тур оюндары башталып 3 беттеш өткөрүлгөн болчу. Бүгүн 11-январда экинчи айланпа алкагында дагы  3 беттеш өткөрүлөт. Алгач Палестина Австралия  беттешсе, экинчи оюнда Филиппин Кытай менен күч сынашат. Ал эми үчүнчу оюнда Кыргызстан Түштүк Кореяга каршы  жашыл талаага чыгат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген