Интерпол тарабынан издөөгө алынган адам кармалды

УКМК жүргүзгөн издөө операциясынын жүрүшүндө, бүгүн, 2-июлда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган шектүүнү Орусиянын аймагына экстрадициялоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

26 жаштагы жаран Орусиядагы Барнаул шаарында “банк ишиндеги ири көлөмдөгү алдамчылык” боюнча оор кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.