Интернетке тараган видео боюнча Ош шаарынын мэри тиешелүү органдар менен жыйын курду

Бүгүн, 24-январда Ош шаарынын мэри интернетке тараган жалган маалыматтар боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош ШИИБдин башчысынын биринчи орун басары Таалай Нурбаев, УКМКнын өкүлдөрү катышты.

Ош шаарынын мэри, чагымчылдык кылган жарандар сөзсүз жазага тартылышы керектигин белгилесе, милиция жалган маалыматты тараткандар жоопко тартыларын билдирди.

Ал эми УКМКнын өкүлдөрү учурда Ош шаарында коомдук-саясий абал тынч экенин билдирип, чагымчылдыкка жол берилбей тургандыгын айтышты.

Амир-Темир аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Мамир Абдуллаев  болсо, аталган аймакта мындай окуя катталбаганын кошумчалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген