Интернет дүкөндөрүнүн кардары кимдер? Видео

 Иштеген, окуган, үйдө бала карагандар убактыларынын бир мүнөтүн да текке кетиргилери келбейт. Мындайда алар дароо онлайн дүкөндөрүн кыдырып башташат. Демек булар сиздин негизги кардарларыңыз болот.

Интернет дүкөн – бул виртуалдуу соода-сатык. Желе аркылуу  буюм-тайымдарды өткөрүп же кызмат көрсөтүүлөрдү жарыя кылууга болот. Көбүнчө интернетке жайгаштырылган буюм же кызматтын бааларын жана ага тиешелүү кыска маалыматтарды жазып иш алып барышат.

“Интернет магазиндерди бизнестин бир түрү деп айтууга болбойт. Бир каналы деп атап коелу. Башкаларга  салыштырмалуу кандай артыкчылыктары бар? Шаардын ичинде бир жерден кеңсени ижарага алыштын кереги жок. Үйдө олтурат, ошол эле жерде капма да болот. Мисалы, жеке баракчасына өзүнүн телефон номерлерин же почталарын жазып коет. Чалгандардын буюртмаларын үйлорүнө жеткирип берет. Көп чыгаша кетпей турган бизнес . Каражат болгону  товар менен алып келүүсүнө кетет”, -дейт бизнес-кеңешчи Сейтек Кулмаматов.

 Канткенде сиздин ишкерлигиңиз ийгиликтүү болот?

Бул чөйрөнүн чебери аталгандар азыркы учурда парфюмердик каражаттарга суроо талап көп экенин баса белгилешет. Электрондук техникалар, кийим-кече, аудио-видео продукциялар да кирешелүү. Акыркы жылдар аралыгында бул тизмеге тез-татым жана тамак- аштар да кошулганын байкоого болот. Бизнести жолго салууда алгач  2 адамдан ашык кишинин кереги жок.

Жаңы баштагандар үчүн  өздөрү жасап саткан товарлар көбүрөөк пайда алып келет. Анткени сизде бар буюм башкаларда жок болсо, каалаган бааны кое бересиз. Баа коюуда бир нече стратегиялар бар. Кеткен чыгымга карап нарк коюлат. Мисалы,  даяр буюмду 100 сомго алып келсеңиз, 100 сом коесуз. А өзүңүз тиккенге 50 сом короттуңуз дейли. 200 сомго сатсаңыз 150 сом пайда. Бирок сиз өндүргөн  продукция эл күткөндөй болбой да калышы мүмкүн. Бул чоң тобокелчилик.

Интернет дүкөн иштетип, бүтүндөй бир  үй бүлөнү бага алабызбы? Бизнестин бул түрүн тандайм деп тургандар кандай эрежелерди эске алышы керек? “Бизнес башта” программасы түрдүү жагдайларды,  киреше-чыгашаларын бизнес эксперттер жана ишкерлердин жардамында эсептеп чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген