Индиянын жашоочусу аялы эркекке окшош болгондугу үчүн ажырашууга арыз жазды

Үйлөнүү тоюнан бир жума өткөн соң, ажырашууга арыз жазган индиялык аялынын эркекке окшош экендигин билдирген. Жаштарды ата- энелери таап, алар гана баарын чечип коюшкандыктан, жубайы экөө той күнү гана жолугушкан.

“Биз биринчи жолу жолукканда, келинчегим боёнуп алган экен. Ошондуктан эч нерсени байкаган эмесмин. Турмуш куруп, бир жума жашадык, анда деле билбедим. Бир күнү жумуштан келсем эле сакалы бар экен, көрсө, аялым эркекке окшош экен”,- деген индиялык.

Ал эми айыпталуучунун айтымында, анын сакалы гормоналдык көйгөйлөрдөн улам өсөт. Бирок медициналык каражаттын жардамы менен өстүрбөй, кармап турса болот.

“Менин ата- энем күйөөмө көп өлчөмдөгү калың берген. Эгер ажырашса, анда эч нерсе калтырбай төлөп бериши керек. Ал ган эмес, мага физикалык жана психикалык да басым көрсөтүп, үйүнөн кууп чыгарганга чейин жетти. Бул үчүн жооп берүүгө тийиш”,- деп билдирди айыпталуучу.

Эки тараптын тең оюн уккан сот арыздануучунун суранычын четке кагып, ажырашууга эч кандай негиз жок экендигин билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген