Индиялык ишкерлер Кыргызстанда мейманканаларды курууга кызыкдар

Индиялык ишкерлер мейманканаларды жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар. Бул тууралуу инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

5 -сентябрда Индиянын экономикалык соода уюмунун президенти доктор Асиф Икбалдын жетекчилиги астында Индиядан биринчи расмий бизнес делегациясы Кыргызстанга келди. Делегациянын курамында Индиянын ири Satya Oil Mills, NV Beverages India, Timmy Export and Import компанияларынын жетекчилери бар болчу.

Жолугушууда инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов конокторго Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эркин экономикалык зоналардын ишмердүүлүгү жана рынокко 500 миллиондон ашуун адам кирген Кыргызстанда бизнес жүргүзүү перспективалары тууралуу айтып берди.

Индия тарап, Индия өлкөсүндө КРнын Инвестициялар министрлигинин жана соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгүн ачууга кызыкдар экенин белгиледи. Делегациянын башчысы Евразия өлкөлөрү менен соода мамилесин жакшыртуу үчүн Бишкекте Индиянын Евразия соода кеңешинин өкүлчүлүгүн ачуу пландалып жатканын айтты.

Министрдин орун басары бизнес -делегацияга кызматташууга кызыкканы үчүн ыраазычылык билдирди жана белгиленген демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.