Индияда жалган маалымат тараткан 25 жаштагы аял таш бараңга алынып өлтүрүлдү

Индияда WhatsApp аркылуу жалган маалымат тараткан аялды тургундар ур-токмокко алып, натыйжада аял каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Индиянын Мадхья-Прадеш штатынын 25 жаштагы тургуну  балдар уурдалып жатат деген маалыматты Whats appтан бир нече адамга бөлүшкөн. Жергиликтүү тургундар аны “фейк маалымат жайылттың” деп ур-токмокко алып, алган жараатынан улам аял каза болгон. Полиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 9 адамды кармаган.
Маалыматта кошумчалангандай, учурда каза болгон жарандын өлүмүнө тиешеси бар делинген башка кылмышкерлер дагы изделип жатат.
Сүрөт интернеттен алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген