Индияда кыргыз тасмаларынын фестивалы өттү

6-7-октябрь күндөрү Индияда кыргыз тасмаларынын кинофестивалы өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргенин kabar.kg жазды.

Маалыматка ылайык, иш-чара Эл аралык медиа жана оюн-зоок өнөр жай палатасы, «Marwah Studios» жана дүйнөдөгү он мыкты кино мектептеринин бири болуп саналган Азиянын кино жана телекөрсөтүү академиясынын көмөгү менен Кыргызстандын Индиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Кинофестивалдын ачылыш аземинде ардактуу коноктор катары элчилер, Нью-Делинин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, маданий атташелер, киноиндустриянын өкүлдөрү, медиа чөйрөлөр жана Индиянын массалык маалымат каражаттары болду.

Фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган классикалык тасма «Саманчынын жолу» жана ошондой эле жаңы муундагы кыргыз кинематографисттеринин «Курманжан Датка» жана “Дарак ыры» көркөм тасмалары көрсөтүлдү.

Бардык кыргыз тасмалары көрүүчүлөргө күчтүү таасир калтырды жана салтанаттын ардактуу коноктору тарабынан жогору бааланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.