Индияда “коронавирус кудайына” сыйына башташты

Түштүк Индияда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жаткан шартта, жергиликтүү калк коронавирус кудайына сыйына баштады. Бул тууралуу “AFF” билдирди.

Анын айтымында, Түштүк Индиянын Коимбаторосуна жакын Тачи Девиге (коронавирус кудайына) арналган храм пайда болду.

Ибадаткана чиркөө кызматчылары үчүн жабык, бирок алар бул жерге күн сайын келишип сыйынышат, тамак-аш курмандыктарын ташташат, айкелдерди суу жана сүт менен жуушат. Өз кезегинде алардан ооруну токтотуп, анын кесепеттерин жеңилдетүүнү суранышат.

Ибадатканага келгендер, илдеттен ушундай жол менен арылса мүмкүн деген ишенич ичинде.

Индияда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны коронавирустун жаңы түрүнүн таралышына байланыштуу февраль айынын ортосунан бери өсүүдө. Каза болгондордун саны боюнча өлкө дүйнөдө үчүнчү орунду ээледи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.