Импичмент, легитимдүүлүк. Учурда көп колдонулуп жаткан сөздөрдүн түшүндүрмөсү

Акыркы бир нече күн аралыгында саясий топтордун тиреши күчөп, Бишкекте, Ошто жана жер-жерлерде митингдер өтүп, орун алган акыркы окуяларга байланыштуу жөнөкөй жарандар үчүн бир топ жаңы сөздөр кирди. “Ынтымак” алардын толук маанисин жана түшүндүрмөсүн сиздерге сунуштайт.

Импичмент (англисчеден которгондо – ишенбөөчүлүк, лат. Impedivi – “алдын-алуу, басуу”) – кызмат адамдарын, мамлекет башчысына чейин, кызматтан четтетүү менен кылмыш жообуна тартуу процедурасы. Кандайдыр бир кылмыш жасаганын далилдеп, ошого байланыштырып мөөнөтүнөн мурда кызматынан четтетүү. Эреже катары, импичмент жарыяланып, кызматтан четтетилген кызмат адамы андан ары жөнөкөй сот тарабынан соттолуусу жана кылмыш жазасына тартылуусу мүмкүн экени айтылат.

Люстрация – өлкөдө бийлик алмашкандан кийин иштен алынган чиновниктердин кайра мамлекеттик кызматтардан орун алуусуна жол бербөө.

Легитимдүүлүк – малекеттик бийликтин мамлекетти башкарууга шексиз укуктуулугун, мыйзамдуулугун коом тарабынан моюнга алынуусу.

Узурпация – бийликти күч менен, мыйзамсыз басып алуу (агрессиянын натыйжасы) же башка адамдардын укуктарын же ыйгарым укуктарын ээлеп алуу.

Узурпатор – бийликти мыйзамсыз түрдө басып алган адам.

Кворум – жыйналышта мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн керек болгон катышуучулардын саны.

Коалиция – белгилүү бир максатка жетүү үчүн мамлекеттердин, же саясий партиялардын, уюмдардын, ыктыярдуу бирикмеси.

Оппозиция – өкмөттүн же бийликте турган саясий партиялардын жүргүзгөн саясатына каршы көз карашта болгон партиялар же топтор.

Сепаратизм – элди, аймакты, чөлкөмдү же жамаатты бөлүү үчүн белгилүү бир саясий партия же топ колдогон идеяларды жайылтуу. Сепаратизм мамлекеттик түзүлүштөрдүн эл аралык, регионалдык жана улуттук туруктуулугуна коркунуч туудурат.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген