«Ильшат» коомдук фонду медициналык мекемелерге 5 тез жардам унаасын берди

«Ильшат» коомдук фонду жалпы баасы 10 млн 150 000 миң сом болгон 5 тез жардам унаасын медициналык мекемелерге берди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат сайты жазды.

Мындан улам, Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров өлкө үчүн оор мезгилде жарандар, ыктыярчылар жана медицина кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Өкмөттүн атынан өз ден-соолугун тобокелге салып, мекендештеринин өмүрү үчүн күрөшүп жаткан дарыгерлерибизге ыраазычылык билдирем. Алар эл-жерге жана өлкөгө кызмат кылуунун чыныгы үлгүсүн көрсөтүштү. Медицина кызматкерлерине ыктыярчылар талыкпай жардам беришти. Аларга да ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин эмгегиңиздердин аркасы менен кырдаалды жөнгө сала алдык», – деди вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, «Ильшат» коомдук фонду COVID-19 пандемиясы маалында активдүү иш жүргүздү.

Белгиленген мөөнөттө чогултулган каражаттар атайы автотранспорт, медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар, ошондой эле республиканын жети облусундагы жана ири шаарлардагы дарыгерлер жана калкты тамак-аш продуктулары менен камсыздоого багытталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.